Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

БУУнун өкүлү: "Азаттыктын" жабылышы сөз эркиндигине доо кетирет


Антье Граве.
Антье Граве.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча сот чечими апелляциялык кароодо кылдат талданып чыгышы керек деп эсептейт.

Бул тууралуу ал 3-майда борбор калаада сөз эркиндигинин абалы, журналисттердин укугу талкууланган жыйында айтты. Ал “Азаттыктын” жабылышы жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине доо кетире турганын белгиледи.

“ЖМКлардын эркиндигин чектөө аракети бардык эле улутту жана анын туруктуу өнүгүүсүн узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Анткени бул инновациялык ойлорго, кайсы бир маселелерге карата конструктивдүү сындарга, альтернативдүү чечимдерге тоскоолдук жаратып, өнүгүүгө бут тосот”, - деди Граве.

Бишкекте сөз эркинидигин талкуулаган жыйынга эл аралык уюмдардын, ЖМКлардын жана медиа коомчулуктун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу чечимин чыгарган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" үстүнөн жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген. Министрлик январь айында сотко кайрылып, “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын жүйө катары келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

Мурдараак Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" үндөгөн. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылган.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз каранды эмес “Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, телевидение, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG