Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

"Азаттык" иши: Президенттин басма сөз катчысы АКШнын кайрылууларына жооп берди


Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бүгүн 3-майда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана бул өлкөнүн Мамлекеттик департаментинин "Азаттык" боюнча кайрылуусуна жообун жарыялады.

Анда ал “Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык" чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган” деп айтты.

“Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тийешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз каранды эмес, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок. Кыргызстан ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук пайдаланышат. Бардык уюмдар ушундай укуктарга ээ. Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен жүргүзүшү зарыл. Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз”, - деди Султанбаев.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол кыргыз бийлигинин "Азаттык" радиосунун ишмердигин токтотуу аракетине байланыштуу билдирүү тараткан.

"Мен кыргыз өкмөтүнүн эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарына жасаган одоно чабуулун, алардын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын ишин токтотуу аракетин айыптайм. “Азаттык” радиосу Кыргызстандын Конституциясы эркин басма сөз укугуна кепилдик берген жарандарга калыс жана көз карандысыз маалымат жеткирет. Эркин маалымат каражаттарын цензуралоо мүмкүн эмес жана Конституцияга каршы келет. Кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосун жабуу чечимин тезинен жокко чыгарып, “Азаттыктын” ишмердигине коюлган бардык чектөөлөрдү алып салууга чакырам”, - деген ал.

Макколдун мындай билдирүүcү Өкүлдөр палатасынын расмий сайтына 1-майда жарыяланган.

АКШнын мамлекеттик департаменти да кыргыз бийлигине кайрылып, "Азаттык” радиосунун ишин токтотуу тууралуу сот чечимине тынчсыздануу билдирди. Анда “Азаттыкка” байланыштуу жагдай президент Садыр Жапаровдун сөз жана басма сөз эркиндигин сактоо тууралуу айтканынан шек жаратары белгиленген. Мамлекеттик департамент “Азаттыктын” сот чечимине каршы бере турган арызын кылдат жана калыс кароого чакырган.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" үстүнөн жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген. Министрлик январь айында сотко кайрылып, “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын жүйө катары келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

Мурдараак Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" үндөгөн. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылган.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз каранды эмес “Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, телевидение, интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG