Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын талкуулаган жыйын өтүүдө


Кыргызстандагы медиа коомчулук өкүлдөрү, серепчилер бүгүн 3-майда өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын, журналисттердин укугунун сакталышын такуулап жатышат. Бул жыйында "Азаттык Медиа" мекемеси боюнча чыккан сот чечимине байланыштуу да талкуу болот.

Мамлекеттик органдардан талкууга президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков чакырылган. Бирок ал аталган жыйынга барган жок.

Талкууга жергиликтүү адис-серепчилерден тышкары эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын башында алгач өлкөдөн соттун чечими менен күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров сүйлөдү. Ал мамлекеттик казынага кол салган коррупция жана башка мыйзамсыз иштер болбогон өлкөдө иликтөөчү журналисттерге да зарылчылык болбой турганын эскертип, мындай иштерди ашкерелеген журналисттер ишин уланта берерин кошумчалады.

Соңку жылдары Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлаганын, бийликтин кемчилигин ачык айтып чыккан журналисттер куугунтукка кабылып жатканын жергиликтүү жана эл аралык уюмдар белгилөөдө.

2-майда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков журналисттерди өлкөдө болуп жаткан кырсыктар жана кылмыштар тууралуу жаңылыктарды жазуудан карманууга чакырган.

3-майда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кыргызстан ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук пайдаланышат", - деген билдирүү тараткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG