Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

Өзбекстанга ID-карт менен кирүүгө уруксат берген мыйзам долбоору колдоо тапты


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекети. Архив.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекети. Архив.

Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында Өзбекстанга ID-карт менен кирүүгө уруксат берген мыйзам долбоору дароо үч окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдиргендей, Өзбекстан кыргыз жарандары ID паспорт менен кире алган үчүнчү өлкө болуп калды. Учурда кыргызстандыктар Казакстан менен Орусияга ID-карт менен кире алышат.

Мыйзам долбоорунда дагы төрт өлкөгө визасыз режим киргизүү сунушу камтылган. Кулубаев Мальдив мамлекетине да 30 күндүк визасыз режим кирип жатканын билдирди. Андан тышкары Бахрейн, Ливан, Бириккен Араб Эмираттары менен дипломаттык, кызматтык жана атайын паспортторго 90 күндүк визасыз режимди киргизүү боюнча документтерге кол коюлганын кошумчалады.

“Менимче, бул жакшы иш. Анткени жаңы биометрикалык паспорт киргенден тартып иш алдыга жыла баштады. Жаңы паспортторго ишеним артыла баштады”, - деди министр.

Кулубаевдин айтымында, быйыл төрт айда Өзбекстандан Кыргызстанга 1 млн. 618 миң киши кирип, Кыргызстандан ал өлкөгө 1 млн. 574 миң 732 киши чыккан. Эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режимдин мөөнөтү 60 күн, кирген жаран 5 күндүн ичинде каттоого турушу керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG