Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Херсондо үч күндүк коменданттык саат киргизилет


Херсондо жабыркагандарга жардам көрсөтүү. Апрель, 2023-жыл.
Херсондо жабыркагандарга жардам көрсөтүү. Апрель, 2023-жыл.

Украинанын Херсон шаарына 5-майдан 8-майга чейин коменданттык саат киргизилип жатат. Кечки саат сегизден таңкы алтыга чейин калаага кирип-чыгуу, көчөдө жүрүүгө тыюу салынарын облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Анын айтымында, убактылуу чектөөлөр укук коргоо органдарынын кызматкерлери жергиликтүү тургундарга коркунуч жаратпай өз ишин аткарышы үчүн зарыл.

"Чыккынчыларга жана зөөкүрлөргө биздин жерибизде мыкаачылык кылууга жол бербейбиз. Укук коргоо органдарынын тоскоолдуксуз иштешин жеңилдетүү үчүн коменданттык саат киргизип жатабыз", - деп түшүндүрдү Прокудин.

Ал Херсондун калкын азык-түлүк жана дары-дармектерди камдап алууга чакырды.

Украина Херсон шаарын жана Херсон облусунун Днепр дарыясындагы оң жээк бөлүгүн былтыр ноябрда орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери орустар облустун борборун жана башка калктуу аймактарды такай аткылап келет.

Видео жана сүрөттөр бышыктап турганына карабай, Орусия карапайым калк жашаган жерлерге сокку урганын четке кагат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG