Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Бишкекте Конституцияга арналган жыйын өтүп жатат


Жыйындын катышуучулары. 2023-жылдын 4-майы.
Жыйындын катышуучулары. 2023-жылдын 4-майы.

Бишкекте бүгүн 4-майда Жогорку Кеңештин депутаттарынын, юристтердин, коомдук ишмерлердин катышуусу менен жыйын өтүп жатат. "Тандем" юристтер коому уюштурган жыйында өлкөнүн Баш мыйзамынын кабыл алуу тарыхы, анын коомдук, саясий кризис маалындагы ролу, азыркы учурдагы орду тууралуу сөз болууда.

Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова Баш мыйзамдын кабыл алыныш тарыхына токтолду.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Конституция көп ирет өзгөргөнү менен элдин жашоосу жакшырбай жатканын белгилеп, ага мисал катары чет мамлекеттерге 1,5 млн кыргыз жараны мигрант катары кеткенине токтолду.

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Баш мыйзамда каралган адам укуктарынын жана эркиндиктеринин азыркы учурдагы абалына токтолду. Ал мисал катары сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан артка кеткенин, акыйкатчы институтунун көз карандысыздыгы камсыздалбай келатканын белгилеп, “Атыр Абдрахматованы кетирүү менен Жогорку Кеңеш өзүнүн көз карандысыздыгынан баш тартты”, - деди. Чолпон Жакупова ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу жана тендер боюнча мыйзамдар коррупцияны, кылмыштуулукту күчөтөт деген пикирин айтты.

Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Конституцияны азыркы учурда Министрлер кабинети бузуп жатканын, себеби өкмөт жашоо минимуму боюнча норманы аткарбай келатканын белгиледи.

Эгемен Кыргызстандын алгачкы Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан кийин ал көп ирет оңдолду. Азыркы Баш мыйзамга ылайык өлкөгө президенттик башкаруу системасы кирген.

3-майда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кыргызстан ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук пайдаланышат", - деген билдирүү тараткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык төлөмдөрдүн жашоо минимумуна жетпей жаткан себебин өкмөттүн алына, өлкөдөгү экономикалык шартка байланыштырган.

Акыйкатчынын иштен алынышына байланыштуу маселеде мыйзам бузуу жок экенин парламент төрагасы билдирген. (KO)

XS
SM
MD
LG