Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

ӨКМ: Ат-Башыда "өзгөчө кырдаал" жарыяланды


Арпа өрөөнү. 2023-жылдын 4-майы.
Арпа өрөөнү. 2023-жылдын 4-майы.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймагында тоодогу малчылар кыйынчылыкка кабылганына байланыштуу акимдин буйругу менен “өзгөчө кырдаал” жарыяланганын бүгүн 4-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, буйрук Нарын облусунун түштүк аймагындагы Арпа өрөөнүндө жайгашкан Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында кабыл алынды.

Нарын районунда калың жааган кардын айынан кыйынчылык жаралган Чой-Жап кыштоосунда мал-жандыгы (980 жылкы, 400 уй, 8400 кой) менен калган 10 үй-бүлөгө жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте 400 түк чөп, 130 кг жем жеткирди.

Ат-Башы районунда 867 ую, 1400 кою менен калган беш үй-бүлө тамак-ашы жетиштүү экенин, бирок мал-жандыгы тоюту жок калганын айтып, жардам сурап кайрылган. Кар алдында эки ую, үч музоосу, 15 кою тоңуп өлгөн малчыларга 680 түк чөп жеткирип беришти.

Ак-Талаа районунда Мелис ашуусу жабылып, Орто-Сырт жайлоосунда алты үй-бүлө мал жандыгы менен (500 уй, 1500 кой) калган. Ашуунун жолу кардан тазаланып, малчыларга 100 түк чөп жеткирилди. ӨКМ ал жерде абал турукташканын, малды ылдый айдап түшүрүүгө зарылчылык жок экенин билдирди.

Синоптиктер Кыргызстанда 2-6-май күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөрүн, тоолорго кар түшөрүн эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG