Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Казакстан мобилизациядан качып келген орус жаранын депортациялайт


Казакстанда сот Украинадагы согушка баруудан баш тартып, Орусиядагы аскер бөлүгүнөн качып кеткен Игорь Санжиевди алты жылга шарттуу кесип, өлкөдөн депортациялоо чечимин чыгарды. Ага беш жылга Казакстанга кирүүгө тыюу салынды.

Орусиянын курамындагы Калмыкиянын борбору Элиста шаарында курулушта иштеген Игорь Санжиев былтыр сентябрда мобилизацияланып, Волгограддагы аскердик бөлүккө жөнөтүлгөн. Ноябрда ал Беларуска качып, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалгандан кийин Орусияга депортацияланган. Бирок көп өтпөй аскердик бөлүктөн кайра качып, Казакстандын аймагына мыйзамсыз өткөн.

Быйыл мартта Игорь Санжиев Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо комитетине кайрылып, башпаанек сураган. Полиция аны чек арадан мыйзамсыз өтүүгө айыптаган. Ал күнөөсүн мойнуна алып, соттон депортациядан башка жаза берүүнү өтүнгөн.

Игорь Санжиев соттун чечимине каршы апелляциялык арыз бере турганын билдирди.

Ал учурда Батыш Казакстан облусунун административдик борбору Орол шаарында.

Өткөн жылы декабрда Казакстан мобилизациядан качып келген Орусиянын Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилинди мекенине депортациялаган. Аны Барнаул гарнизонунун аскердик соту алты жарым жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG