Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

ЖК жашырылган мүлктү мыйзамдаштырууга жол ачкан долбоорду колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда адамдардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам долбоорлору бүгүн 4-майда Жогорку Кеңеште колдоо тапты. “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” жана “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун 56 депутат колдоду, экөө каршы добуш берди.

Министрлер кабинети көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылга созулуп, байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берилерин билдирген.

Оппозициялык маанайдагы депутаттар жана айрым жарандык коом өкүлдөрү легалдаштыруу кампаниясын коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөгөн демилге катары сыпатташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG