Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Өзбекстандан Кыргызстанга жер астынан жол казгандар камалды


Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жүк ташуу максатында жер астынан жол казган деп айыпталган онго жакын киши соттолду. Фергана соту үч кишини алты жылга, дагы үчөөнү жети жылга эркинен ажыратты. Андан башка дагы үч адам шарттуу кесилгенин Өзбекстандын маалымат каражаттары укук коргоо органдарына таянып жазышты.

Улуттук коопсуздук кызматы 2022-жылдын 23-июлунда Фергананын Риштан районунан Баткендин Кадамжай районуна алып өткөн 130 метрлик тоннель табылганын маалымдаган.

Жер астынан жол казылган Өзбекстан тараптагы үйдүн ээсинен документи жок 2700дөн ашуун уюлдук телефон табылып, конфискацияланган.

Былтыр эки өлкө ортосунан казылган ушул сыяктуу алты тоннель табылганын Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети да кабарлаган.

Өзбек тарап мыйзамсыз жол казган топтун алты мүчөсү кыргызстандык экенин билдирип, алар миллион доллардан ашуун акчаны Өзбекстандан Кыргызстанга алып баратканда кармалганын жана 6-8 жылга камалганын кошумчалады. Кыргызстандын расмий органдары соттолгондор тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG