Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Орусияда бюджеттин тартыштыгынан ички авиакаттамдар токтотулууда


Орусиялык авиакомпаниялар мамлекеттик колдоонун кыскарышынан улам өлкө ичиндеги каттамдарын токтото баштады.

2023-жылы Москваны айланып өткөн региондук каттамдарга субсидиялар 9 миллиарддан 7,5 миллиард рублга чейин кыскарганын, буга бюджеттин тартыштыгы себеп болуп жатканын "Известия" басылмасы жазды.

Мамлекеттик колдоо программасына кирбеген каттамдардын эң көп саны Омск, Тюмен облустарына, Татарстанга, Дагестанга, Түндүк Осетияга жана Санкт-Петербург шаарына туура келет.

Авиакомпаниялар буга чейин пландалган каттамдарын жокко чыгарууда. Кемерово-Чита жана Нижний Новгород-Петрозаводск багыттарына учуулар токтотулганын "Эхо Кавказа" жазды. "Россия" авиакомпаниясы Санкт-Петербург-Тобольск багытындагы жумалык эки каттамды токтотту.

2023-жылы бюджеттин чыгашаларын секвестирлөөдөн (кесүү) улам программа кыскартылган. Транспорт министрлигине чыгымдарды 5% кыскартуу тапшырмасы берилген.

Апрелдин ортосунда Орусиянын Транспорт министрлиги жайкы сезондо транспорттук субсидиялардын азайышынан улам ички авиакаттамдарга билет баасы 15-30% кымбатташы мүмкүндүгүн эскерткен.

Авиацияда жайкы сезон марттын аягынан октябрдын этегине чейин. Өткөн жылы авиакомпаниялар бул мезгилдеги чыгымдарын жабуу үчүн мамлекеттен 100 миллиард рубль алышкан. Бул акча Орусия Украинага басып киргенден кийин киргизилген санкциялык чектөөлөрдүн фонунда бөлүнгөн.

Быйыл да Аба транспортунун операторлорунун ассоциациясы чыгымдар үчүн 100 миллиард рубль сураган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG