Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Казакстанда каракалпак активисти ачкачылык жарыялады


Каракалпакстанда былтыркы нааразылык акцияларында тартылган сүрөт.
Каракалпакстанда былтыркы нааразылык акцияларында тартылган сүрөт.

Казакстандын Актау шаарында каракалпак активисти Куанышбай Каниязов Өзбекстанда Нукус окуясынан кийин соттолгон Даулетмурат Тажимуратовду жана башка адамдарды бошотууну талап кылып, саясий ачкачылык жарыялады.

Бейшембиде соцтармактарда жарыяланган видеодо Каниязов бардык укук коргоочу уюмдарга, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу жасады.

2015-жылдан бери үй-бүлөсү менен Казакстанды байырлаган 58 жаштагы Куанышбай Каниязов каттоодон өтпөгөн “Бирлик” коомдук кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Январда сот Нукустагы акциялардын башкы уюштуруучусу деп айтылган журналист Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга түрмөгө кескен. Мындан башка дагы ондогон активист ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда автономиялуу Каракалпакстан Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Кеминде 21 адам каза таап, жүздөгөн адам жараат алган бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган.

XS
SM
MD
LG