Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Meta Грузиянын өкмөтүнө тиешеси бар баракчаларды өчүргөнүн жарыялады


Meta компаниясы Грузиянын өкмөтүнө байланышы бар бир канча баракча жана аккаунттарды өчүргөнүн билдирди. "Эхо Кавказа" кабарлагандай, социалдык түйүндү колдонуу саясатын бузганы үчүн Фейсбуктагы 80 аккаунт, 26 баракча, тогуз тайпа жана эки Instagram аккаунт бөгөттөлдү.

"Аккаунт ээлери өздөрүнүн аты-жөнүн жашырганына карабай, компания алардын Грузия өкмөтүнүн стратегиялык коммуникациялар департаменти менен байланышын аныктады", — деп жазылган маалыматта.

Баяндамада фейк-аккаунттар баракчаларды башкарып, пост жарыялап, комментарий берип, мазмунун жайылтууга аракет кылганы белгиленген.

Тармак Грузиянын азыркы өкмөтүн колдогон контентти кеңейтүү үчүн күнү-түнү иштеген, анын ичинде өкмөттүн расмий баракчаларында жарыяланган постторду кайра жайылтуу менен да алектенген. Маалыматтар негизинен грузин тилинде жазылган.

Жок кылынган аккаунттар Facebook жана Instagram жарнамаларына болжол менен 33 500 доллар коротушкан. Жалпысынан 300 миңден ашык жазылуучусу болгон.

Маалыматта ушундай эле аккаунттар ТикТокто да бар экени айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG