Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

АКШ элчилиги Абдрахматованын кызматтан кетишине тынчсыздануу билдирди


Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Атыр Абдрахматованын акыйкатчы кызматынан кетишине байланыштуу кабатырлыгын билдирди. Элчиликтин Твиттердеги баракчасына:

"Акыйкатчы институту укуктук бийликти колдоодо башкы роль ойнойт. Жогорку Кеңештин Атыр Абдрахматованы анын өлкөдөгү адам укуктарынын корголушунун абалы тууралуу баяндамасынан соң, кызматтан алууга добуш бергени - кыргыз өкмөтүнүн акыйкаттык жана айкындуулуктун принциптерин кармануусуна кабатырлык жаратат", - деп жазылды.

Элчилик ошондой эле мындай иш-аракеттер Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) Адам укуктары кеңешине мүчөлүгү менен дал келбесин да белгилөөдө.


Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган.

19-апрелде парламенттеги "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаттары акыйкатчынын өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу баяндамасын угуудан баш тартып, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү жана кызматынан мөөнөтүнөн мурда алууну сунушташкан. Көп өтпөй президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев акыйкатчы карапайым адамдардын укугун коргобойт деп сындаган.

Буга чейин "Хьюман Райтч Уотч" укук коргоо уюму, Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү баштаган бир катар эл аралык мекемелер Абдрахматованын ишин жогору баалаган билдирүү тараткан. Ал эми 1-майда Укук коргоочулардын глобалдык альянсы президент Садыр Жапаровго кайрылып, ал мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынса, Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келерин билдирген.

Атыр Абдрахматова 2022-жылы мартта Жогорку Кеңеште шайланган. Ал буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясында, КТРКда иштеген.

Ал Кыргызстан тарыхындагы алтынчы акыйкатчы. Турсунбай Бакир уулу 2002-жылдын ноябрында биринчи акыйкатчы болуп шайланган. Андан кийин бул кызматта Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев, Кубат Оторбаев, Токон Мамытов иштеген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG