Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:01

Пакистандын алты жоокери согушкерлердин колунан каза болду


Пакистандык жоокерлер. Иллюстрация.
Пакистандык жоокерлер. Иллюстрация.

Ооганстан менен чектеш жерде Пакистандын алты жоокери согушкерлердин колунан каза болгонун Исламабад 4-майда жарыялады. Буга жоопкерчиликти суннит жоочулары алды.

Кандуу окуя кышында 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алган мечиттеги жардыруудан улам Пакистан бийлиги согушкерлерге каршы жаңы күрөш жарыялагандан кийин болду.

30-январда Пешавар шаарындагы полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан мечитте бешим намазы учурунда жардыруу болгон.

Имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти өзүн жардырганда 100дөн ашык адамдын өмүрү кыйылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG