Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

ФИФАнын президенти Инфантино Бишкекке келди


Жанни Инфантино
Жанни Инфантино

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги билдирди.

Бул - ФИФА президентинин Кыргызстанга биринчи сапары. 5-майда Жанни Инфантино Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугушары күтүлүүдө. Кыргыз футбол бирлигинин жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышары кабарланган.

Жолугушууларда Кыргыз футбол бирлигинин демилгелери, өлкөдөгү футболду жакшыртуу жана өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Жанни Инфантино Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) башчылыгына биринчи жолу 2016-жылы шайланган. 2019-жылы экинчи жолу жана ушул жылдын март айында үчүнчү жолу президент болуп кайра шайланды. Эми ал бул кызматты 2027-жылга чейин аркалайт.

ФИФА - 211 өлкөнүн футболдук федерацияларынын башын бириктирген уюм. Кыргызстан бул уюмга 1994-жылдан бери мүчө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG