Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

Москвада Садыр Жапаров менен Путиндин жолугушуусу болду


Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Кремль, Москва. 8-май, 2023-жыл. (Сүрөт Кремлдин сайтынан алынды)
Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Кремль, Москва. 8-май, 2023-жыл. (Сүрөт Кремлдин сайтынан алынды)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин бүгүн, 8-майда Кремлде кеңири курамда жолугушту. Бул тууралуу Кремлдин сайты жазып, эки мамлекет башчынын сөзүнүн стенограммасын жарыялады.

Ага ылайык, Владимир Путин Садыр Жапаровду Жеңиш күнүнүн алдында көргөнүнө кубанычта экенин билдирип, "Сиздин ушул убакта биз менен болгонуңуз маанилүү окуя" деп айтты.

Путин ошондой эле кыргыз-орус мамилеси өнүгүп жатканын айтып, былтыр эки өлкөнүн соода алакасы 37% көбөйгөнүн билдирди.

"Орусия эң ири инвестор. Түз акча салууда биз биринчи орунда турабыз. Бул тенденция мындан ары да өнүгөт деп ишенем", - деди Путин.

Садыр Жапаров өз кезегинде Орусияга расмий сапар менен келүүгө чакырганы жана жылуу кабыл алганы үчүн орус президентине ыраазычылык айтты. Жапаров ошондой эле жолугушуу "Улуу Жеңиштин 78 жылдыгынын алдында өтүп жатканына" кубанычын билдирген.

"Бүгүнкү күнү бизге эки тараптуу кызматташтык боюнча маселелерди талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Биз кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана эки өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн биримдигибизди мындан ары өнүктүрүү жөнүндө пикир алмаша алабыз деп эсептейм", - деди Жапаров.

Кремлдин маалымдашынча эки президенттин көзмө-көз жолугушуусу да болот.

Жапаров Орусияга расмий сапар менен 7-майда барды. Сапар алкагында мамлекет башчы 7-майда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Кыргыз президентинин бул сапары Орусия Украинага согуш ачып, Батыш өлкөлөрү Москвага каршы катаал санкцияларды салган учурга туш келди. Ал 9-майда Жеңиш парадына ардактуу конок катары катышат. Буга чейин Садыр Жапаров парадга катышкан жалгыз чет өлкөлүк лидер болору айтылган. 8-май күнү Москвадагы Жеңиш парадына Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да катышары расмий жарыяланды.

Кремль Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухаммедовду да Жеңиш парадына чакырган. Рахмон Москвага 8-майда учуп кеткени белгилүү болду. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG