Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Баңгизат сатууга шек саналган аскер кызматкерлери 18-июлга чейин камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маңзат сатууга шек саналып кармалган эки аскер кызматкери 18-июлга чейин камакка алынды. Биринчи Май райондук сотунун 7-майдагы чечимине ылайык, алар Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу аталган соттун кеңсесинен "Азаттыкка" маалымдашты.

Мурдараак Коргоо министрлигинин эки офицери маңзат сатууга шектелип, кармалганын, аларды 6-майга караган түндө Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармашканын "Азаттыктын" жеке булактары кабарлаган.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, кармоо учурунда аскер кызматкерлери качууга аракеттенип, милиция курал колдонгон. Шектүүлөр жооп иретинде ок чыгарып, каршылык көрсөтүшкөн.

ИИМдин басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек. Коргоо министрлиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG