Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Одессаны аткылоодо гуманитардык жардам сакталган кампа өрттөндү


Одессада дүйшөмбүгө караган түнү болгон аткылоодон улам Украинанын Кызыл Чырым уюмунун кампасы өрттөнүп кетти. Миң чарчы метр аянтта сакталып келген гуманитардык жардам толугу менен жок болду.

Кызыл Чырымдан билдиришкендей, Николаев облусунда талаа госпиталы да талкаланды. Кээ бир медициналык жабдууларды жана эмеректерди калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес.

Уюмдун Одесса филиалынын гуманитардык жардам берүү тармагындагы ишмердүүлүгү токтотулду.

7-майдан 8-майга караган түнү Орусиянын аскерлери Одесса шаарына жана облуска ТУ-22м3 согуштук учактарынан атылган Х-22 ракеталары менен чабуул коюшкан.

Орусия аннексиялап алган Крымдын Тарханкут булуңунан сегиз ракета атылганы кабарланууда. Украин башкалаасы Киевге «Шахед» жанкечти дрондорунан сокку урулган. Украин куралдуу күчтөрү 35 учкучсуз учактын бардыгын атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG