Москванын Кызыл аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парад өтүп жатат. Бул жолу Москвадагы парадга Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышууда. Беларустан Александр Лукашенко да барды. Алардын көбүнүн парадга катышары бир күн мурда гана белгилүү болду.
Иш-чара Украинадагы согуш уланып жаткан маалда өтүүдө. 9-майдын таңында да орус армиясы Украинанын аймагын ракета менен аткылады.
Параддын ачылышында сүйлөгөн Владимир Путин Орусияга каршы «согуш ачылганын» айтып, бул үчүн «батыштын глобалдык элитасын» күнөөлөдү. Ал ошондой эле «Донбассты коргоп, өз өлкөсүнүн коопсуздугун сактай аларына» ишендирди.
Быйыл Орусиянын 20дай аймагында, анын ичинде оккупацияланган Крымда коопсуздуктан улам майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн жок.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялаган 2014-жылдан кийин Жеңиш парадына чет элдик лидерлер көп барбай калган. Былтыр кошуна өлкөсүнө каршы агрессия баштаганда Москвадагы парадга бир да чет өлкөлүк жетекчи барган эмес.