Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракеси Ошто 31-августта белгиленет


Насирдин Исанов.
Насирдин Исанов.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-майда Кыргызстандын тунгуч премьер-министри Насирдин Исановдун 80, ал эми Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган кыргыз күрөш боюнча мелдештин ачылышында билдирди. Анда ушул жылдын 31-августунда Ош шаарында мамлекеттик ишмер Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган ири иш-чаралар өтөрүн маалымдады.

“Насирдин Исанов мага рухий жактан абдан жакын адам болчу. Мыкты стратег, экономика илимдеринин доктору, ал бүт өмүрүн Кыргызстандын элине кызмат кылууга арнаган. Анын ысымы өлкөбүздүн тарыхында түбөлүккө сакталат”, - деген Жапаров.

Насирдин Исанов эгемен Кыргызстандын туңгуч премьер-министри болгон. Ал 1991-жылы Бишкек-Ош жолунда табышмактуу жагдайда жол кырсыгында каза тапкан. Кырсыктын башка катышуучулары аман калган.

Исановдун ошол маалдагы Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүдө башкалардан айырмаланган принципиалдуу позициясы жана тиешелүү документтерге кол коюп бербегени - анын табышмактуу өлүмүнө себеп болгон деп сыпатталып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG