Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Пулитцер сыйлыгы украиналык журналисттерге ыйгарылды


Пулитцер сыйлыгын АКШдагы Колумбия университети ыйгарат.
Пулитцер сыйлыгын АКШдагы Колумбия университети ыйгарат.

Журналисттер арасында эң жогору саналган быйылкы Пулитцер сыйлыгы украиналык үч кабарчыга берилди. Комитеттин сайтындагы маалыматка ылайык, видеожурналист Мстислав Чернов, фотограф Евгений Малолетка жана видеопродюсер Василиса Степаненко сыйланды.

Associated Press агенттигинин кабарчылары Чернов менен Малолетка бул сыйлыкты негизинен орусиялык аскерлердин курчоосунда калган Мариуполдогу абалды чагылдырганы үчүн алган. Алар тарткан кадрлар дүйнөлүк медиаларда көрсөтүлгөн.

"Эл аралык репортаж" наамындагы сыйлык Бучадагы орус армиясынын аскердик кылмыштарын чагылдырганы үчүн The New York Times басылмасына берилди.

Пулитцер сыйлыгын АКШдагы Колумбия университети ыйгарат. Ал дүйнөдө журналистика тармагындагы эң престиждүү сыйлык болуп саналат. Анын биринчи лауреаты 1917-жылы америкалык журналист Герберт Своуп болгон. Ал сыйлыкты The New York World газетасындагы "Германия империясынын ичинде" аттуу макалалардын сериясы үчүн жеңип алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG