Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Улуттук валюта сомго 30 жыл болду


Кыргызстандын улуттук валютасы сомго бүгүн 10-майда 30 жыл болду. Улуттук банк бул датага байланыштуу жарыялаган маалыматында кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү экенин, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келе жатканын белгиледи.

Сомдун 30 жылдыгына карата бүгүнтөн тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун жаңы, бешинчи сериясы жүгүртүүгө чыгарылды.

Улуттук валюта 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө киргизилген. Мындай кадам, Улуттук банк белгилегендей, эгемен мамлекетти түптөө жолунда маанилүү баскыч катары экономикалык көз карандысыздыктын пайдубалын бекемдөөгө өбөлгө түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG