Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Казак тарапта калган жер маселеси: Чүй дарыясына жумушчу топ барат


Чүйдөгү кыргыз-казак чек арасы.
Чүйдөгү кыргыз-казак чек арасы.

Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана тийиштүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ Чүй дарыясынын жээги жуулуп, жүздөгөн гектар жер казак тарапта калган жагдайды жеринен иликтеп, чара көрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев билдирди. Ал бул көйгөй анын көзөмөлүндө экенин айтып, каражат бөлүү маселеси дагы караларын айтты.

Мунун алдында Чүй дарыясынын кыргыз-казак чек арасын бойлой өткөн бөлүгүндөгү жээктерди бекемдөөгө кыйла аз акча бөлүнгөнү белгилүү болгон. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, быйылкы жылга беш объект куруу үчүн 177 миллион сомго жакын акча керек деп эсептелген. Анын 50 миллион сому гана берилди.

Кыргыз өкмөтү жана президенттин администрациясы Чүйдүн жээгин бекемдөөгө эмнеге кыйла аз акча бөлүнгөнү тууралуу азырынча комментарий бере элек.

"Азаттык" өткөн айда кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, жүздөгөн гектар жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Эрулан Көкүлов Чүй дарыясы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү маселелерди көтөргөн. Анда өкмөт дарыянын жээгин бекемдөөгө акча бөлүп бере электигин сынга алып, чек арага көңүл буруу керектигин эскерткен.

"Казакстан тарап өздөрү жактагы дарыянын жээгин бекемдеп, биздин жээктер болсо жуулуп, жүздөгөн гектар жер алар тарапта калыптыр. Жакында эле "Азаттыктын" иликтөөсү чыкты, аны көрдүңөр. Бул жерде жок маселени маселе кылып, "каалаган суммадагы акчаны бөлүп беришибиз керек, ушул маселе биринчи орунда турат, ушуну чечмейинче өнүгүүбүз токтоп калат", деп отурабыз. Ошол эле маалда жүздөгөн гектар жерибизди коңшу өлкөгө берип жатабыз, анткени бюджетте акча жок деп отурабыз. Ал жерде бюджеттен акча бөлүнсүн дептир, бирок акча берилбептир. Ушундай конкреттүү көйгөйлөрдү чечкенге үйрөнүшүбүз керек да. Мына, жээктер азыр деле корголо элек. Февраль айынан тартып эле бекемдей берсе болот экен. Биз дагы бир жылды өткөрүп жатабыз. Дагы канча жер агып кетет. Эң негизги көйгөйлөр ушулар да",-деген Көкүлов.

"Азаттык" 20-апрелде "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. Кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин кемирип, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган.


Иликтөөнү төмөнкү шилтемеден көрсөңүз болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG