Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Акыйкатчы кызматына Мирлан Жээнчороевдин талапкерлиги сунушталды


Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкер катары көрсөтүлөт. Аны "Альянс", "Ынтымак" жана "Элдик" фракциялары сунуштап жатканын "Альянс" фракциясынан 10-майда "Азаттыкка" маалымдашты.

Мирлан Жээнчороев парламенттин мурдагы бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон, "Альянс" партиясынын тең төрагасы.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган.

19-апрелде парламенттеги "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаттары акыйкатчынын өлкөдөгү адам укугунун абалы тууралуу баяндамасын угуудан баш тартып, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү жана кызматынан мөөнөтүнөн мурда алууну сунушташкан. Көп өтпөй президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев акыйкатчы карапайым адамдардын укугун коргобойт деп сындап чыккан.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Абдрахматованын кызматтан кетишине байланыштуу кабатырлыгын билдирген.

"Хьюман Райтч Уотч" укук коргоо уюму, Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү баштаган бир катар эл аралык мекемелер, Укук коргоочулардын глобалдык альянсы Абдрахматованын ишин жогору баалаган билдирүү таратып, бийликти аны иштен албоого чакырышкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG