Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Нурланбек Шакиев сөз эркиндиги тууралуу сын-дооматка жооп берди


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңеште Конституциянын 30 жылдык мааракесине арналган жыйын өтүп жатат. Анда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев сөз эркиндигине байланыштуу абалга токтолду. Анда Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги бир катар өлкөлөрдө жоктугун айтты.

"Бизге оң-терс, ылайыгы келсе дагы, келбесе дагы ачуу-таттуу сөздөрдү айтып жатышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Көпчүлүк өлкөлөрдө, керек болсо коңшу өлкөлөрдө, аймакта бул нерсе жок. Бирок маселе биз сөз эркиндигин кандай пайдаланып жатканыбызда. Сүйлөнгөн сөздүн жоопкерчилигин ойлонуп жатабызбы? Парламентти дагы бүгүнкү күндө сындап жатышат. Парламентте эркиндик, демократия жок дегендер да бар. Мен айтат элем, ушул жерде каалагандай сүйлөп, каалагандай сындап атышат. Мына сөз эркиндиги. Бүгүнкү күндө парламентте ачыктык, демократия бар",-деди Шакиев.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму 3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата басма сөз эркиндигинин абалынын индексин жарыялаган. Анда Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Уюм докладда уюм 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттарды, абалды анализдеп чыккан.

2022-жылдагы индексте Кыргызстан алдыңкы 100 өлкөнүн катарына кирген Борбор Азиядагы жалгыз мамлекет болгон. Индексте Түркмөнстан 176, Тажикстан 153, Өзбекстан 137, Казакстан 134-орунда.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму баяндамасында журналистика жалган маалымат таратуу индустриясынын коркунучуна туш болгонун белгилеген.

XS
SM
MD
LG