Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Блогер-активист Атай Бейшенбек 20-июнга чейин тергөө абагында калды


Атай Бейшенбек.
Атай Бейшенбек.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-майда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган блогер, активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын карап, аны 20-июнга чейин абакта калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Тимур Султанов кабарлады.

Былтыр октябрдын этегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер камалган.

Өткөн айда райондук сот Кемпир-Абад ишинен улам камакка алынган жети кишини үй камагына чыгарып, 15ин тергөө абагына калтырган. Башка төрт адам ага чейин үй камагына чыгарылган.

Ушул жылдын башында Атай Бейшенбекке Октябрь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында айып коюлганы белгилүү болгон. Активисттин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө 2020-жылы шайлоодон кийинки тоз-тополоң менен коштолгон нааразылык акцияларында "мэрияны басып алууга аракет жасаган" деген айыптоо негизсиз экенин белгилеген.

"2020-жылдын октябрь окуясында массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алгансың деп мага дагы бир кылмыш ишин козгоп, тергөөгө чакырышты. Айыпкер катары жоопко тартуу токтомунда "Бир Бол" саясий партиясынын атынан шайлоого катышкан Атай Бейшенбек уулу митингге катышып, шайлоо таза өтпөгөндүгү туурасында айтып, ар кандай сөздөр менен өзүнө упай топтоо максатында курч билдирүүлөрдү жасаган"- дейт. Садыр ава (президент Садыр Жапаров), бул эмне деген "беспредел"? Биринчиден, мен "Бир Бол" партиясынан 2020-жылы шайлоого катышкан эмесмин, экинчиден мен ошол октябрь окуяларындагы митингде сүйлөмөк түгүл, басып барган эмесмин", - деген Атай Бейшенбек өз билдирүүсүндө аны "мэрияны басып алган" деп айыптоо да негизсиз экенин билдирген.

Октябрь окуяларына байланыштуу 25-январда Атай Бейшенбекке жалпысынан үч кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Ага ылайык, Бейшенбекке Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айып тагылган:

213-беренесинин, 4-бөлүгү (турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө); 278-берененин, 2-бөлүгү (массалык башаламандыктар); 209-берененин, 3-бөлүгү (алдамчылык).

Адвокат билдиргендей, биринчи эки берене 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу. Ал эми алдамчылык боюнча иш буга чейин козголуп, кайра жабылган. Ал боюнча соттун чечими жокко чыгарылып, кайрадан козголду.

Ички иштер министрлиги жаңы козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат берген эмес.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкекте 5-6-октябрь күндөрү нааразылык акцияларын өткөргөн. Ал тоз-тополоң менен коштолуп, бир адам мерт болуп, дагы бир нечеси жарадар болгон жана бийлик алмашуу менен аяктаган.

XS
SM
MD
LG