Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Футбол боюнча Азия кубогу: Кыргызстандын тайпадагы атаандаштары белгилүү болду


Кыргызстан F тайпасына жайгашып, Сауд Арабиясы, Тайланд, Оман өлкөлөрү менен түштү.
Кыргызстан F тайпасына жайгашып, Сауд Арабиясы, Тайланд, Оман өлкөлөрү менен түштү.

11-майда Катардын Доха шаарында футбол боюнча Азия кубогуна чүчү кулак кармоо болду. Жыйынтыгында Кыргызстан F тайпасына жайгашып, Сауд Арабиясы, Тайланд, Оман өлкөлөрү менен түштү.

Мындан башка дагы беш тайпада Азия кубогуна катыша турган 20 улуттук курама команда бар. AFC Asian Cup Qatar 2023 турнири Катарда 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин өтөт.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович чүчү кулактын жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

"Биздин атаандаштар күчтүү командалар. Сауд Арабия курамасы былтыркы дүйнө чемпионатынын катышуучусу жана алар тайпадагы эң күчтүү команда. Тайланд жана Оман да оңой эмес атаандаш. Чүчү кулак бул биз өзгөртө албай турган нерсе. Мында биз атаандаштарды тандай албайбыз. Муну кабыл алышыбыз керек. Ушу таптан баштап биздин башкы максатыбыз - кураманы бул мелдешке даярдоо болуп саналат. Ийгиликке, биздин жеңишке жана максатыбызга жетерибизге ишенем", - деди Штефан Таркович.

Кыргызстандын курамасы ушуну менен экинчи жолу Азия кубогуна чыгып жатат. Улуттук курама 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жеткен. Бул кыргыз футбол тарыхындагы эң чоң жетишкендик болуп калды. 2022-жылы курама Азия кубогуна экинчи ирет жолдомо алган.

Чүчү кулак кармоо иш-чарасына Кыргызстандын Футбол уюмунун президенти Медер Сыдыков жана футбол боюнча улуттук курама команданын жаңы башкы машыктыруучу Штефан Таркович катышты.

Кыргыз футбол бирлиги Штефан Таркович менен май айынын башында 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзгөн.

Кыргызстандын курама командасын тогуз жыл машыктырган Александр Крестинин 3-апрелде кызматынан кеткен.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу). (BTo)

XS
SM
MD
LG