Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Пакистандын Жогорку Соту Имран Хандын кармалышын мыйзамсыз деп тапты


Мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын кармалышына каршы чыккан тарапташтары. 9-май, Хейдарабад.
Мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын кармалышына каршы чыккан тарапташтары. 9-май, Хейдарабад.

Пакистандын Жогорку Соту мурдагы өкмөт башчы Имран Хандын кармалышын мыйзамсыз деп тапты. 11-майда чыгарган чечими менен сот Ханды дароо бошотууну өкүм кылды.

Имран Хан 9-майда паракорчулукка айыпталып, кармалган.

Сот ошондой эле Ханды анын тарапташтары уюштуруп жаткан башаламандыктарды айыптоого чакырды. Экс-премьер-министр бул окуялардан кабарсыз экенин билдирди.

Имран Хан кармалгандан бери өлкө боюнча нааразылык толкундоолору башталып, кеминде жети киши набыт кетип, эки миңдейи кармалды. Хандын тарапташтары Пешаварда радионун имаратын, Лахордо генералдын резиденциясын өрттөп жиберишти. Ошондой эле бир катар аймактарда мамлекеттик мекемелерди талап-тоношту.

Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф Исламабадга жана Хандын кичи мекени Пенжабга армия киргизүүгө аргасыз болгонун билдирди. Бир нече провинцияда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

70 жаштагы мурдагы крикет жылдызы Имран Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген. Пакистандын парламенти ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Мурдагы өкмөт башчыга элүүдөн ашык кылмыш иши козголду. Арасында паракорчулук жана террорчулукка байланышкан беренелер да бар.

XS
SM
MD
LG