Азербайжан 11-майда болгон Армения менен чек арадагы атышууда бир аскери окко учканын билдирди. Кезектеги кагылышуу үчүн эки тарап бири-бирин күнөөлөштү.
Армениянын Коргоо министрлиги азери күчтөрү чек арадагы Сотк айылындагы аскердик позицияларды аткылап, жыйынтыгында үч армян жоокери жараат алганын маалымдады.
Азербайжандын Коргоо министрлиги армян күчтөрү "чек арадагы Варденис аймагынан ок атуучу куралдын ар кандай түрү менен азери армиясынын позицияларын интенсивдүү аткылаган" деген маалымат таратты. Бул окуяда бир аскери оор жаракат алганын, азери тарап буга "жооп бергенин" кошумчалады.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев 14-майда Брюсселде жолугуша турганын 10-майда Еврокеңеш билдирген. Алар тынчтык макулдашуусун кабыл алуу үчүн кошумча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү маалымдалды.
Эки лидердин жолугушуусуна Еврокеңештин президенти Шарль Мишель да катышат.
Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. 2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, уруш алты аптага созулган. Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.
Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Лачин коридорун Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти көзөмөлдөйт.