Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды жеңилдик менен сатууну улантат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды дагы эки жыл жеңилдиктер менен, экспорттук төлөмсүз бермек болду.

Мындай келишим "Ишкерлер альянсы" Кыргызстандын Министрлер кабинетинин колдоосу менен быйыл, 19-апрелде түзүлдү.

"Ишкерлер альянсы" жаңы келишимдин негизинде Орусиядагы инфляциянын фонунда, Казакстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттап жаткан кезде да Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын туруктуу сактап турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп эсептейт.

Аталган альянстын маалыматына караганда, ЕАЭБдин мүчөсү катары Кыргызстан Орусиядан мунайды Өзбекстанга караганда 25-30% арзан алат.

Күйүүчү майды экспорттук төлөмсүз сатуу боюнча Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы келишим былтыр, 2022-жылы августта аягына чыгып, сентябрдан тартып орус өкмөтү экспорттук төлөмүн киргизген.

Бул күйүүчү майдын баасы мурунку жылга караганда 50% кымбатташына алып келген.

Кыргызстандын күйүүчү майга болгон жылдык керектөөсү 1 миллион 300 миң тоннадан ашуун.

Анын 90% ашууну негизинен Орусиядан ташылат.

Кыргызстанда Орусиянын "Газпромнефть-Азия" жана "Роснефть" сыяктуу компаниялары күйүүчү майдын негизги импортоочусу катары бааны аныктап турат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG