Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Аба ырайы: жаан жаайт


12-майда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 25…27 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG