Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:08

Нарын университетинин магистрлик борборунун башчысы пара берген деп шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун директору чоң суммадагы пара берүүгө шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) билдирди. Маалыматта ал УКМК кызматкерине 4 миң доллар өлчөмүндө сыйлык берген деп шек саналып жатканы жазылган.

"Б.М.А. билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки материалдардын алкагында текшерүүдөн өтүп жаткан. Анда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, студенттерди кабыл алуу, которуу жана калыбына келтирүү, чет өлкөлүк студенттерге жогорку билими тууралуу дипломдорду мыйзамсыз берүү белгилери аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Б.М.А. кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн УКМКнын ыкчам кызматкерине акчалай сыйлык сунуштаган. Кызматкер менен сүйлөшүп жатканда бөлмөдө университеттин проректору да болгон, ал мурда козголгон чет элдик абитуриенттердин ЖОЖго кабыл алынуусу жана андан ары билим алуусунда мыйзам бузуу фактылары боюнча кылмыш ишин токтотууга аракет кылган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган окуу жай УКМКнын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

НМУнун Эл аралык магистрлик борбору (ЭМБ) — 2008-жылда Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлгөн. 2018-жылы Магистратура, аспирантура жана докторантура борбору деген аталышты алган.

Борборду 427 магистрант аяктаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG