Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:04

Бишкекте оркестр жамааттарынын республикалык сынагы жыйынтыкталды


Бишкекте өткөн фестиваль. 12-май, 2023-жыл.
Бишкекте өткөн фестиваль. 12-май, 2023-жыл.

Бүгүн, 12-майда Бишкектеги Улуттук тарых музейинин алдында СССРдин эл артисти, дирижёр Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган оркестрлер арасында республикалык сынактын жыйынтыктоочу концерти өттү.

Он төрт оркестр жамааты фестивалда Атай Огонбаевдин "Маш ботой" жана Карамолдо Орозовдун "Ибарат" күүсүн чогуу аткарды.

Жалпы байге фонду 1 млн. сомду түзгөн сынактын биринчи туру 11-майда Улуттук консерваторияда өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча сыйлоо аземи өтүп жеңүүчүлөр сыйланды.

1-орунду Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин эл аспаптар оркестри жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттык музыка жана эл аспаптар оркестри 110 миң сомдон сыйлыкка ээ болду.

2-орунду Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар оркестри жана Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын Болуш Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри 90 миң сомдон акчалай сыйлыкка жетишкен.

3-орунду Каракол шаарындагы Ыбрай Туманов атындагы Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри жана Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын алдындагы “Мөлмөл” фольклордук этнографиялык оркестри 70 миң сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Оркестр жамааттарынын сынагы өткөн жылы алгачкы жолу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен өткөн эле. Быйылкы экинчи жолу өтүп жаткан сынак Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына арналган. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, Мүнхендеги бүткүл дүйнөлүк музыка академиясынын академиги Асанкан Жумакматов 85 жаш курагында көз жумган.

Жумакматов дүйнөлүк классикалык, орус, кыргыздын опера жана балеттеринен 50гө чукул чыгармага дирижерлук кылган. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG