Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:01

Пакистандын мурдагы премьер-министри эки аптага күрөөгө бошотулду


Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Ханды сотко алып келатышат. 12-май, 2023-жыл. Исламабад.
Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Ханды сотко алып келатышат. 12-май, 2023-жыл. Исламабад.

12-майда Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан эки аптага күрөөгө бошотулду. Бир күн мурда Жогорку Сот анын кармалышын мыйзамыз деп таап, дароо бошотуу чечимин чыгарган. Ал 9-майда паракорчулукка айыпталып кармалган. Былтыр кызматтан кеткени ага баш-аягы элүүдөн ашуун кылмыш иши козголгон. Хан алардын баардыгын четке кагып, саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.

Мурдагы крикет жылдызы, 70 жаштагы Хандын кармалышы өлкө боюнча башаламандык жаратты. Анын тарапташтары бир катар аймактарда мамлекеттик мекемелерди талап-тоноп, өрттөп, тоз-тополоң уюштуруп жиберишти.

Тартип сакчылары менен кагылышууда кеминде сегиз киши мүрт кетип, эки миңдей адам кармалды. Хандын кичи мекени Пенжабда жана бир катар аймактарга толкундоолорду басуу үчүн армия киргизилди.

Имран Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген. Пакистандын парламенти ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Шайлоо комиссиясы ага беш жыл мамлекеттик кызмат ээлөөгө тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG