Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

АКШ-Мексика чек арасында 60 миңдей мигрант топтолуп турат


АКШ-Мексика чек арасында топтолуп турган мигранттар.
АКШ-Мексика чек арасында топтолуп турган мигранттар.

Ушу тапта АКШ-Мексика чек арасында Америкага өтүүнү көздөгөн 60 миңдей адам топтолуп турат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Чек ара көзөмөл агенттигинин башчысы Раул Ортиз билдирди.

12-майдан тарта коронавирус пандемиясы күчүндө маалында АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп кабыл алган 42-берене күчүн жоготту. Бул берене чек арачыларга мыйзамсыз келген мигранттарды артка кайтарууга укук берген. Маселен, былтыр расмий маалыматка ылайык чек арада 2,2 миллион мигрант кармалып, алардын теңи артка кайтарылган.

Эми АКШга агылган мигранттардын саны кескин өсөрү күтүлүүдө. Ошол эле маалда АКШ президенти Жо Байден жаңы миграциялык эрежелерди киргизди. Эми чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттар беш жыл башпаанек суроо укугунан ажырайт. Бир нече мамлекетти басып чек арадан өтүп келгендерге да башпаанек берилбеши мүмкүн.

Кошмо Штаттардын администрациясы мигранттарга мыйзамдуу жолдор менен келүүгө жол ачкан жаңы өзгөрүүлөр тууралуу жарыялашты.

Акыркы жылдары Мексика чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны көбөйгөнүн расмий маалыматтар ырастайт. Мексикадан ары АКШга өткөн кооптуу жолду тандагандар арасында кыргызстандыктар да бар экенин "Азаттык" бир канча жолу жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG