Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:47

CPJ: "ПолитКлиника" куугунтуктан коркпой иштеши керек


Дилбар Алимова
Дилбар Алимова

Нью-Йоркто жайгашкан "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) Кыргызстандагы "ПолитКлиника" сайты жана анын баш редактору Дилбар Алимованын укугун коргоп чыкты.

Комитеттин сайтына жарыяланган макалада CPJдин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид
кыргыз бийлигин журналисттерди маалыматы үчүн суракка чакырууну токтотуп, Дилбар Алимова менен "ПолитКлиникага" эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Гүлноза Саид муну менен катар “Азаттыктын” жергиликтүү кызматын мажбурлап жабуу менен бийлик көз карандысыз маалымат каражаттарын коркутуп-үркүтүү жолуна түшкөнүн белгиледи.

Эл аралык уюм "ПолитКлиника" сайтынын башкы редактору Дилбар Алимованын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын, макала жарыялангандан кийин спикердин басма сөз катчысы каттын "фейк" экенин айтып, өчүрүүнү талап кылып, сайтты жабуу өтүнүчү менен сотко кайрыларын айтып коркутканын белгиледи.

"Алимова CPJге кыргыз бийликтери тарабынан көз карандысыз маалымат каражаттарына “чоң кысым” болуп жатканын айтып, 2023-жылдын апрелинде АКШ Конгресси тарабынан каржыланган “Азаттык” радиосунун жергиликтүү кызматы жабылганын баса белгиледи", - деп жазылган анда.

Макалада "ПолитКлиника" сайтын мамлекеттик ЭлТР телерадиокомпания сотко бергенин белгилеген.

CPJ акыркы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын президентине, УКМКга жана ЭлТРге электрондук кат жөнөткөн, бирок эч кандай жооп алган эмес.

Өткөн аптада "ПолитКлиника" Шакиевдин башкы прокурор Курманкул Зулушевге жазган каты деген сүрөт тараганы тууралуу жаңылык жазган. Анда “мурдагы президент Курманбек Бакиев жөнүндөгү маалыматтарды мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде сот органдарынын сайтынан алып салуу жана маалымат ресурстарында Бакиевдин ар-намысына шек келтирген маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюу” тууралуу сураныч жазылган.

8-май күнү "ПолитКлиника" сайтынан парламент спикери Нурланбек Шакиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевди актоо тууралуу каты делген жаңылык толуктоо максатында алынганын Дилбар Алимова кабарлаган.

Нурланбек Шакиев 11-майда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып "Кыргызстандагыдай сөз эркиндиги бир катар өлкөлөрдө жоктугун" айткан. Ал 2010-жылга чейин Бакиевдин басма сөз катчысы жана кеңешчиси болуп иштеген.

Быйыл январда CPJ жана алты өнөктөш уюм Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго "басма сөз эркиндигине кысым күчөп жатканына" байланыштуу жолугуу өтүнүчү менен кат жолдогон. Анда “Азаттык” радиосунун жагдайы да сөз болгон.

Аталган уюм 27-апрелде "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу соттун чечимине да тынчсыздануусун билдирген.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму 3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата басма сөз эркиндигинин абалынын индексин жарыялаган. Анда Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG