Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Кочкор-Ата шаарында 42 окуучу белгисиз затка ууланды


Ноокен району.
Ноокен району.

11-майда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептин 6-7-8-класстарынын окуучулары өздөрүн жаман сезип, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Учурда 26 бала ооруканага түшүп, 20дай окуучу дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө чыгарылганын Кочкор-Ата жалпы дарыгердик практикалык борборунун башкы дарыгери Айжамила Мамасадыкова ырастады.

"11-майда жалпы 42 окуучу ооруканага түшкөн. Алардын бешөө орто оор абалда болгон. Учурда 26 бала ооруканага калтырылды. Үйүнө чыккандар да дарыгерлердин көзөмөлүндө. Азырынча белгисиз заттан ууланышканы айтылып жатат", - дейт Айжамила Мамасадыкова

Милиция алдын ала иликтөө иштерин жүргүзүлүп жатканын билдирди.

14-апрелде Ош шаарындагы №8 мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түшкөн. Окуучулардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, экөө дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, ошол эле күнү үйүнө кайткан.

29-мартта Кара-Суу районундагы №101 Кумар Момбекова атындагы орто мектептин 43 окуучусу атырдын жытына ууланып, ооруканага түшкөн. Алар дагы 6-класстын окуучулары болгон.

Кыргызстанда мектептерде балдардын тамак-ашка, клейге жана белгисиз затка жапырт ууланган учурлары буга чейин бир нече жолу катталган.(TB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG