Педофилдерди өлүм жазасына тартуу сунушу кайрадан күн тартибине чыкты. Жогорку Кеңештин 61 депутаты Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүүгө байланыштуу мыйзам долбооруна корутунду алуу үчүн Конституциялык сотко кайрылды.
Өлүм жазасы киргизүү сунушу
Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү демилгесин көтөргөн депутаттар өспүрүмдөргө, балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү, мыкаачылык менен өлтүрүү көбөйүп жатканын белгилеп, андай кылмыш кылгандарды эң катаал жазага тартуу зарыл деп эсептешет.
Демилгечилердин бири, “Ынтымак” фракциясынын жетекчиси Марлен Маматалиев маселе референдум аркылуу чечилерин билдирди.
“Бир жагынан жарым популисттик болгону менен экинчи жагынан реалдуу карап, керек экенин эске алып, процедураны баштадык. Бул бүгүн-эртең эле кирип калат дегенден алыспыз. Конституциялык сот өзүнүн корутундусун берет. Сөзсүз референдум аркылуу жалпы кыргыз эли буга макулдугун бериши керек. Муну шайлоо менен бирге өткөрбөсөк, жалгыз өткөрүүгө казынада каражат жок. Эки жылдан кийин жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мүмкүн ошол кезге чейин мыйзамды карап, статистика өзгөрбөй, кылмыштын бул түрү көбөйө берсе киргизебиз деген ой бар”, - деди Маматалиев.
Эл өкүлү мыйзам долбоорунда кылмышка күнөөлүү деп табылган киши 10 жылдан кем эмес абакта отургандан кийин гана өлүм жазасын колдонуу жобосу киргизилет деп кошумчалады.
Министрлер кабинетинин жообу жана эл аралык келишимдер
Конституциялык сот депутаттардын өтүнүчү өндүрүшкө алынганын билдирди. Буга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дароо реакция кылып, Конституцияга өлүм жазасын киргизүүгө өкмөт каршы турарын билдирди.
"Өлүм жазасынан баш тартуу - бул бир катар элдик добуш берүү аркылуу ырасталган негизги конституциялык нормалардын бири. Бул убактылуу мораторий эмес, бул аң-сезимдүү чечим! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдик демилгелерден коргоодо бекем турат", - деп жазды Твиттердеги баракчасында.
Ал эми юристтер өлүм жазасын киргизүү Кыргызстандын адам укугун коргоо боюнча алган эл аралык милдеттемелерине каршы келерин белгилешет.
“Тандем" аналитикалык тобунун жетекчиси, юрист Таттуубүбү Эргешбаева буларга токтолду.
“Конституциялык сот бир гана Баш мыйзамга карабастан, эл аралык нормаларды карап туруп, корутунду чыгарышы керек. Эгерде каршы деген чечим чыгарса, мындан ары референдумга чыгарууга болбойт. Бирок бул демилгенин Конституциялык сотко жеткени чоң белги. 61 депутаттын сунушуна Жогорку Кеңеш аппаратынын юристери укуктук баа бербегени суроо жаратат", - деген юрист Кыргызстан кошулган эл аралык келишимдерди санап берди.
Эргешбаеванын белгилешинче, өлүм жазасы Кыргызстан кол койгон “Адам укугу боюнча жалпы декларация”, “Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт”, “Адам укугу жана негизги эркиндигин коргоо жөнүндө Европа конвенциясы” ж.б. эл аралык келишимдерге каршы келет.
Сот системасынын абалы
Былтыр күзүндө Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуядан кийин парламенттин бир нече депутаты өлүм жазасын киргизүүнү сунуш кылган. Бирок андай сунушка каршы чыккан эл өклдөрү өлкөдөгү сот системасына болгон ишеним маселесин көтөргөн.
"Коомчулуктун кулагына жагымдуу, рейтинг топтой турган нерсени айткым келбейт. Өлүм жазасынын кереги жок. Бардыгыбыз сот бийлиги кандай экенин, тергөө кандай жүрөрүн жакшы билебиз. Баягы эле бей-бечераны баласы соттолуп, атылып кетет. Колунда барлар эч качан өлүм жазасына тартылбайт. Бул ачуу чындык", - деген Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев.
Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына былтыр октябрда жарыяланып, коомдук талкууга коюлган.
Жыл башында педофилдерди химиялык жол менен кастрациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун парламенттин тиешелүү комитети биринчи окууда жактырган. Башкы прокуратура мындай мыйзам Констицуцияга жана ошондой эле 1994-жылы кол коюлган Жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пактка да карама-каршы келерин билдирген.
1998-жылы Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш андай жазаны өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырган. Ал эми 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзам өлүм жазасын колдонууга тыюу салат.