Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:46

Түркия Дан келишиминде жылыш бар экенин билдирди


Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар.
Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар.

Түркия 12-майда билдиргендей, Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо тууралуу макулдашууну узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдө алдыга жылыш бар.

Бул тууралуу Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар билдирди. Мурунку макулдашуунун мөөнөтү кийинки аптада соңуна чыкмак.

Ушул аптада Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) расмий өкүлдөрү Стамбулда сүйлөшүү өткөргөн. Жолугушууда дан келишимин узартуудан сырткары Орусиядан Тольятти-Одесса түтүгү аркылуу аммиак экспортун жандантуу тууралуу БУУнун сунушу да талкууланды. Бул тууралуу эл аралык уюмдун пресс-кызматы билдирди.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Андан бери Украинадан 30 млн. тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG