Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:03

Өзбекстанда Экологиялык партия президенттикке талапкерин көрсөттү


Өзбекстандын Экологиялык партиясынын лидери Абдушукур Хамзаев.
Өзбекстандын Экологиялык партиясынын лидери Абдушукур Хамзаев.

Өзбекстандын Экологиялык партиясы алгачкылардан болуп өз лидери Абдушукур Хамзаевди президенттикке көрсөттү. Бул тууралуу УзА улуттук маалымат агенттиги жазды. Мындай чечим партиянын 11-майда өткөн жыйынында кабыл алынган.

50 жаштагы Хамзаев кесиби боюнча агроном. Ал өлкөдөгү белгилүү саясатчылардын катарына кирбейт. Боршайкомдун расмий маалыматына ылайык, мурдагы шайлоодо аталган партиянын өкүлү шайлоочулардын 4,1% добушун алган. Анда партиянын атынан Нарзулла Абламурадов чыккан.

Бир жарым жыл мурдагы шайлоодо жана андан мурдагыларда дагы азыркы президент Шавкат Мирзиёевге чыныгы атаандаш болуучу оппозиция өкүлдөрү чыккан эмес.

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлга белгиленген. Борбордук шайлоо комиссиясы расмий каттоодон өткөн партиялар өз талапкерлерин 17-майдан 1-июнга чейин көрсөтө аларын жарыялады.

Өзбекстанда жакында эле референдум өтүп, Конституцияны өзгөртүү сунушу колдоо тапкан. Ага ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG