Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:27

Орусия Украинага кайрадан чабуул коюп, кеминде 14 киши жараат алды


Киев шаары 13-майга караган түнү
Киев шаары 13-майга караган түнү

13-майга караган түнү орус күчтөрү кайрадан Украинага чабуул жасады. Кеминде сегиз киши жараат алды. Хмельницк облусунда учкучсуз учактардын чабуулунан 11 киши жарадар болду. Алардын абалы ото оор деп бааланууда. Украин бийлигинин маалыматына караганда, чабуул калктуу конуштун сыртындагы инфратүзүмдүн объектисине жасалган. Жарылуудан турак үйлөр, окуу жана медициналык мекемелерге, административдик, өнөр жай имараттары зыян тартты.

Болжол менен "Шахед" дронунан Николаевге жасалган чабуулдан үч киши жабаркады. Снаряддар ишканадагы беш кабаттуу турак жайга жана эки кабаттуу имаратка зыян келтирген, ал жерде өрт чыккан.

Май айынын башынан бери Киевге беш жолу чабуул жасалганын, бул жолу жалаң "Шахед" дрону колдонулганын жергиликтүү бийлик билдирүүдө. Алардын маалыматына караганда, учкучсуз учактардын баары жок кылынды.

Түндө Украинанын Аба күчтөрү өлкөнүн ар кайсы аймактарында 21 учкучсуз учак учурулганын каттоого алган, 17 дрон атып түшүрүлгөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги эртең менен орус армиясы согуштун түштүк секторунда “каршы тараптын техникасы жана таяныч пункту” жок кылынганын, өрттү учкучсуз учуучу аппараттар менен өчүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG