Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Курсант Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүү эки айга камалды


Айза Улан кызын сүздү деген шектүү. 13-май, 2023-жыл. Биринчи май райондук соту.
Айза Улан кызын сүздү деген шектүү. 13-май, 2023-жыл. Биринчи май райондук соту.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 13-майда 24 жаштагы Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга камоо чечимин чыгарды. Башкы прокуратура курсант кызды машинасы менен сүзүп кеткен негизги шектүү кармалганын 12-майда кабарлаган.

Прокуратуранын маалыматына караганда, буга чейин бул ишке шектүү катары кармалган милициянын мурдагы кызматкери автоунаада болгон эмес жана уулун жазадан куткаруу үчүн күнөөнү өз моюнуна алганы аныкталды. Шектүүнүн атасы өзүнүн оорусу жана майыптыгы бар болгондуктан, камакка алынбашын билген жана уулунун бул кылмышка тиешеси бар экенин жашырып, жалган көрсөтмө берген.

Быйыл 9-январда Ички иштер министрлигинин академиясында окуп жаткан Айза Улан кызы Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеде машине коюп кетип каза болгон. Аны сүзгөн айдоочу окуя болгон жерден качып кетип, коомчулуктун талкуусуна түшкөн.

Кийин бул ишке шек саналып милициянын мурдагы кызматкери кармалып, сот аны үй камагына чыгарганы коомчулукта ар кандай сын-пикирлерге жем таштаган. (Nba/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG