Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

“Бир дүйнө Кыргызстан” уюму Конституциялык сотко кайрылды


“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдагы айрым нормаларга байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды. Уюмдун маалыматына караганда, алардын арызы 17-майда каралганы жатат.

Укук коргоо уюму бул мыйзамдын жаңы редакциясындагы үч берене өлкөнүн Конституциясынын беш беренесине карама-каршы келет деп, аларды жокко чыгарууну өтүнүп жатат.

“Конституциянын 36-беренеси ар бир адамга биригүү эркиндигин кепилдейт, бул коомдун жана мамлекеттин базалык баалуулугу. Бул укук улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, элдин саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо, башкалардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында гана чектелиши мүмкүн. Ал эми жаңы нормалар түйшүк жараткан мүнөзгө, басмырлоочу багытка ээ, бейөкмөт уюмдарды кошумча убарага салат жана жарандардын тең мүмкүнчүлүктөргө, биригүү эркиндигине болгон укуктарын чектейт”, - деп айтылды “Бир дүйнө Кыргызстандын” билдирүүсүндө.

2021-жылдын 17-июнунда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам кезектеги өзгөрүүгө дуушар болгон. Ага ылайык, коммерциялык эмес уюмдун кирешеси, мүлкү, чыгымдары коммерциялык сыр деп эсептелбейт жана уюмдар кошумча отчет берип турууга милдеттендирилет. Уюм коммерциялык эмес уюмдар ансыз деле башкалар сыяктуу мамлекеттик органдарга отчет берип турарын белгилөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG