Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Тажикстанда жети жумушчу канализациялык люкта ууланып каза болду


Тажикстандын Пенжикент шаарында жергиликтүү Суу чарба коммуналдык башкармалыгынын жети жумушчусу болжол менен күкүрттүн суутегине ууланып каза тапты. Дагы бири реанимацияда жатат.

Маалыматка караганда, окуя 13-мартта, иш учурунда Пенжикенттеги көчөлөрдүн биринде болгон.

Согд облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Окуянын чоо-жайын тиешелүү органдар текшере баштады.

XS
SM
MD
LG