Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Түркия: Эрдоган алдыда, бирок шайлоо экинчи айлампада чечилиши мүмкүн


Түркиядагы шайлоо
Түркиядагы шайлоо

Түркиядагы президенттик шайлоодо добуштардын дээрлик 98 пайызы саналып бүткөнү кабарланды. Алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыга чыкты. Ага шайлоочулардын 49,35% добуш берген. Ал эми анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу 44,98% добуш алды.

Талапкерлер шайлоочуларына кайрылып, "экинчи айлампада сөзсүз жеңебиз" деген убадаларын беришти.

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер түнкү саат экиде журналисттерге маалымат берди. Ал добуштар дагы деле саналып жатканын, алдын ала маалыматтар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыга чыкканын билдирди.

"Шайлоо үкөктөрүнүн 91,93% ачылды. Бул маалыматтарга ылайык, Режеп Тайып Эрдоган 49,49%, Кемал Кылычдароглу 44,79%, Синан Оган 5,29%, Мухаррем Инже 0,43% добуш алды", - деди БШКнын төрагасы Йенер.

Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада тарапташтарына кайрылды.

"Биздин өлкөдө дагы бир демократия майрамы чоң шыктануу менен аяктады. Азырынча жыйынтык чыга элек, биз бир топ алдыдабыз. Өз өлкөсүнүн келечеги үчүн шайлоого рекорддук көрсөткүч менен барган жарандарыма ыраазычылык билдирем. Жеңүүчү - талашсыз өлкөбүз, улутубуз болду", - деди Эрдоган.

Көп өтпөй түнкү саат үчтө оппозициячыл алянстын лидерлери да маалымат жыйынын өткөрдү. Анда блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу бийликти манипуляцияга айыптап, "экинчи айлампада жеңебиз" деди.

"Бардык жалган жалаа жана акаараттарга карабай Эрдоган күткөн жыйынтыкты ала алган жок. Добуштар азыр саналып жатат. Эгер элибиз "экинчи айлампа" десе, ага макулбуз. Экинчи айлампада сөзсүз жеңебиз", - деди Кылычдароглу.

Алдыга чыккан эки талапкер тең шайлоочулардын 50 пайыздан көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, анда шайлоо 28-майда экинчи айлампа аркылуу чечилет.

Мамлекеттик "Анадолу" агенттигинин маалыматы боюнча, Стамбул, Анкара жана Измир баш болгон 16 ири шаардын шайлоочулары добуштарын Кемал Кылычдароглуна беришкен. Режеп Тайып Эрдоган болсо өлкөдөгү 14 чоң шаардын тургундарынын колдоосун алды.

Режеп Тайып Эрдоган Анкарада тарапташтарына кайрылууда. 15-май, 2023-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган Анкарада тарапташтарына кайрылууда. 15-май, 2023-жыл.
Кемал Кылычдароглу.
Кемал Кылычдароглу.

28-майга белгиленген шайлоонун экинчи туру Эрдоганга жыйналууга жана дебаттарга даярданууга мүмкүнчүлүк бериши ыктымал. Бирок дебатта Эрдоганга ал бийликте турганда Түркия эң оор экономикалык кризисти баштан кечиргени жана февралда 50 миңдей өмүрдү алып кеткен зилзала болгонуна байланыштуу сындар айтылышы мүмкүн.

Стамбул шаары. 15-май, 2023-жыл.
Стамбул шаары. 15-май, 2023-жыл.

Парламенттик шайлоо

Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты. Соңку маалыматтарга ылайык, бийликтеги АК партия 35,41%, Республикалык элдик партия 25,35% добуш алды.

14-майда өлкө боюнча 190 миңден ашык добушкана ачылды. Анда дээрлик 61 миллион шайлоочунун 84% добуш бергени белгилүү болду. Талдоочулар бул Түркиянын тарыхында рекорддук көрсөткүч болушу ыктымал деп айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG