Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:26

Жекшеналиевдин иши: судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти


Ырыс Жекшеналиев сот залында. 15-май, 2023-жыл.
Ырыс Жекшеналиев сот залында. 15-май, 2023-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиевге өкүм чыгары күтүлүп жатат. 15-майдагы жараянда шектүү акыркы сөзүн сүйлөп, ишти караган судья Мирбек Сатарбек уулу чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

“Бийликти басып алуу аракети боюнча прокурор бир эле далил келтирип берсе күнөөнү моюнума алганга даярмын. Эч кандай далил келтире алган жок. Бийликти басып алуу үчүн электорат, элди көчөгө алып чыгуу үчүн авторитет, акча болушу керек. Менде бул үч нерсе тең жок”, - деди Ырыс Жекшеналиев.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы негиз болгон. Бишкектеги тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал коюлган айыптарды четке кагып келет. (BTo/JE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG