Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:44

Түркиядагы шайлоо: добуштардын 99% ашыгы саналып бүттү


Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, санала элек дагы 27 үкөк калды. Президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы тууралуу комиссиянын төрагасы Ахмет Йенер дүйшөмбү күнү буларды билдирди:

"Чет өлкөдөн келген 8065 үкөк ачылды, ал эми 1529у ачыла элек. Саат 09.45ке карата Эрдоган 49.40%, Кылычдароглу 44.96%, Синан оган 5.2%, Мухаррем Инже 0.44% добушка ээ болду",- деди Йенер.

Мамлекеттик "Анадолу" агенттиги добуштардын 99.38% саналып бүткөнүн, Режеп Тайып Эрдоган алдыга чыкканын жазды.

Алдыга чыккан эки талапкер тең шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун ала албаса, анда 28-майда экинчи айлампа өтөт.

Буга чейин талапкерлер шайлоочуларга кайрылып, шайлоо экинчи айлампага калганын билдиришкен. Боршайком бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG