Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Муфтият Дмитриевкада медресе курчоого алынбаганын билдирди


Дмитриевка айылына кирчү жолду тосуп турган милиция кызматкерлери.
Дмитриевка айылына кирчү жолду тосуп турган милиция кызматкерлери.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы атышууда медресе курчоого алынганы тууралуу маалыматты четке какты.

Муфтияттын басма сөз кызматы окуя Дмитриевка айылындагы “Зулкарнайн” кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда болгонун, медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында 17-майда террорчулукка шек саналган куралчан адам жок кылынганын маалымдады.

Маалыматка караганда, министрлик менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери террорчулукка шек саналган адамды кармоо операциясын өткөрүшкөн. Шектүү кармоо учурунда куралдуу каршылык көрсөткөн.

Саламаттык сактоо министрлиги Дмитриевка айылындагы атышуудан эки укук коргоо кызматкери жаракат алганын кабарлады. Бирөөнүн жаракаты жеңил болгондуктан үйүндө дарыланат. Жамбашына ок тийген экинчи кызматкер Улуттук госпиталга жеткирилди.

Айрым сайттар атышуу айылдагы медреседе болуп жатканын жазышкан.(BTo)

XS
SM
MD
LG