Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:19

Грузияда "Москва-Тбилиси" авиакаттамына каршы акция өтүп жатат


Грузия менен Орусиянын ортосундагы авиакаттамдардын жанданышына каршы акция. Тбилиси, 16-май, 2023-жыл.
Грузия менен Орусиянын ортосундагы авиакаттамдардын жанданышына каршы акция. Тбилиси, 16-май, 2023-жыл.

Грузияда оппозициячыл партиялар, жарандык кыймылдар жана жөн гана жай тургундар Москва менен Тбилисинин ортосундагы аба каттамдардын жанданышына каршы нааразылык акцияларын улантып жатышат.

Алар 16-майда парламенттин алдына чогулуп, "Орус авиакаттамдарына жол жок!", "Биз орус кемесине түшүп, Евробиримдикке кире албайбыз!" деген ураандарды чакырып турушту.

Акциянын катышуучулары Georgian Airways компаниясынын баш кеңсесинин алдына да барышты.

Аталган компания жумасына жети жолу "Тбилиси-Москва-Тбилиси" каттамдарын жүргүзөрүн жарыялаган.

Оппозициячыл депутат Георгий Вашадзе эки өлкө ортосунда авиакаттамдардын жанданышына байланыштуу Грузиянын аэропорттору Батыштын санкциясына кабылышы ыктымал экенин айтты. 19-майда алгачкы каттам менен Тбилисиге келген орусиялыктарды грузиндер нааразылык акциясы менен тосуп аларын билдирди.

Грузиянын тышкы иштер министри Илья Дарчиашвили Орусиянын чечимин кубаттап, бул "жарандардын күнүмдүк шарттарын жеңилдетип, ары-бери жеңил саякаттаганга жол ачарын" белгилеген.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили орус бийлигинин чечимин "чагым" деп атады.

"Орусия Украинага каршы агрессиясын улантып, биздин аймакты ээлеп турган маалда түз аба каттамдарынын жанданышы жана виза режимин жокко чыгаруу - кабыл алынгыс",- деп жазды Зурабишвили Твиттерге.

Орус президенти Путин Грузия менен Орусиянын ортосундагы түз аба каттамдарга болгон чектөөлөрдү алып, виза режимин жокко чыгарганы 10-майда жарыяланган. Түз аба каттамдарын Орусия 2019-жылдын жайында Тбилисидеги нааразылык акцияларынан улам токтоткон.

2008-жылы Орусия Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына өз армиясын киргизип, алардын төбөлсүздүгүн тааныгандан кийин Тбилиси Москва менен дипломатиялык алакаларын үзгөн.

Грузияга орусиялыктар бир жылдык мөөнөткө визасыз кире алышат. Украинада согуш башталганы бул өлкөгө миңдеген орусиялыктар агылган. Грузиянын Улуттук статистика кызматынын маалыматына караганда, былтыр өлкөгө 62 304 Орусиянын жараны иммиграция болгон (180 күндөн көп жашаган). "Америка добушу" буга чейин расмий маалыматтарга таянып согуш башталган 2022-жылдын февралынан ноябрга чейин Грузияга 112 миңден ашуун орусиялык киргенин жазган.

Грузин бийлиги Орусиянын Украинага согуш ачышын айыптап чыккан жана Москвага каршы эл аралык экономикалык санкцияларга кошулган. Бирок өздөрү Москвага чектөө киргизген эмес.

Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвилинин айтымында, буга "улуттук кызыкчылыктар, экономика жана коопсуздук маселелери" себеп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG